Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы 4 кыргыз жараны катышкан жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгонун маалымдады.
Жабыркаган кыргыз жарандарынын абалы орточо оор, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Абалы көзөмөлдө. Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулдугу окуянын чоо-жайын териштирүүдө -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 27-августта Батыш Кытай — Батыш Европа унаа жолунда Казакстандын Түлкүбас районунун Шапак-Баба айылына кире бериште автобустун айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына учураган.
Кырсыктан 4 кыргыз жараны жабыркаган,алар аймактагы ооруканаларга жеткирилген.