Баткен шаарына 500 орундуу типтүү мектептин курулушу башталууда

0
769

Баткен шаарындагы Сыдык Айтматов атындагы орто мектебинин негизги корпусу 1978-жылы, экинчи корпусу 1989-жылы ашар жолу менен курулган. Беш жыл мурда өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектеп авариялык абалда деген корутунду чыгарган. Учурда мектепте 520 окуучу билим алат. Бул тууралуу мектеп директору Мээринса Тажибаевадан маалымат алдык.

Мектеп директорунун айтымында, окуучулар быйыл да жаңы окуу жылын аталган эскилиги жеткен мектепте баштаганы турушат.Мектепке буга чейин жергиликтүү жетекчилерден тартып, өлкө башчыларына чейин келип, кабар алып кетишкен. Бирок улам бийлик алмашып, бул көйгөй көз жаздымда калган.

Баткен шаарынын вице-мэри Мансур Маматисаевдин маалыматында, аталган мектептин ордуна жаңы мектептин курулушу жакынкы күндөрү башталуу алдында турат. Билим берүү мекемеси типтүү, заман талабына жараша курулуп, 500 орундуу болот.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматында, жалпы облус боюнча 27 авариялык абалдагы мектеп бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here