Баткен шаарынын Исхак Раззаков көчөсү толук жарыктандырылат

0
520

Жарыктандыруу жумуштары дем берүүчү гранттын эсебинен каржыланат. Мэриянын маалыматында курулуш иштери келерки жумадан тартып ишке аша баштайт.

Ошондой эле шаар аймагындагы жараксыз болуп калган жарык берүүчү чырактар алмаштырылып, түнкү жарыктандыруулар толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Мындан сырткары маалыматта, видео көзөмөл орнотуу боюнча учурда Баткен шаарынын аймагында шаардык мэрия жана шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан эл жыш жайгашкан, кооптуу аймактарга 12 видео көзөмөл орнотулганы белгиленген.

Быйылкы жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 жерге стандарттуу видео-көзөмөл орнотулду.

2023- жылдын иш-чарасына шаардагы 7 жерге видео-көзөмөл орнотуу пландаштырылууда деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here