Баткен облусунда Абу-Нур, Дженго каймана аттуу жихадчылар жамаатынын мүчөлөрү кармалды

0
1370

Кызыл-Кыя шаарында жихадчылар жамаатынын үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жихадчылар 2022-жылдын 25-августунда УКМКнын Баткен областык башкармалыгы тарабынан кармалышты.

Алар,

— 1993-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, «Абу Нур» каймана аты бар мурда соттолгон жааматтын башчысы;

— 1981-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, маалыматтар боюнча С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат.

-1992-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын тургуну.“Дженго” каймана аты бар, Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу.

«Абу Нура» кылмыштуу тобу Сириядагы ЭТУнун согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган.
Жашаган жерлеринен тинтүү иштеринин натыйжасында согуштук ок-дарылар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган.

Кармалгандардын бири Баткен облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт деп айтылат, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here