Курсанттар катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө иши жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлиги маалымдады.
Министрликтен “жабыркаган курсанттардын дарылануусуна, медициналык текшерүүгө жана операцияга тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө. Аскер кызматкерлери аскердик дарыгердин көзөмөлүндө. Курсанттардын абалы канааттандырарлык”, — деп билдиришти.
Белгилей кетсек, 27-августта Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин жол кырсыгына учурашкан. Кырсык «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында болгон.
Анын кесепетинен 9 жабырлануучу биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин медициналык мекемелерине жаткырылган. Дагы 12 курсант аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө экени айтылган.