Бишкек шаарында 5 жашар бала селейме оорусунан каза болду. Ал учурунда бул ооруга каршы эмдөө албаганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда акыркы 20 жылда бул жугуштуу оорудан өлүм учуру катталган эмес.
Бейтап 23-августта Токмок жалпы дарыгердик практика борборунан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына которулган.
Ага клиникалык-эпидемиологиялык селейме оорусунун өтө оору түрү деген диагноз коюлган.
Бала эмдөөнү төрөт үйүндө гана алган, андан кийин план боюнча эмделген эмес. Ата-энеси Улуттук эмдөө календарына ылайык эмдөө алуудан баш тартышкан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, селеймеге ар бир адам чалдыгып калышы мүмкүн, көбүнчө селейме оорусуна каршы вакцина албаган, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кош бойлуу аялдарда аныкталат.
Селейме оорусун эмдөө жолу аркылуу алдын алса болот.
Аталган ооруга каршы эмдөө, алдын алуучу эмдөө календарына ылайык, бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт.