Коррупцияга шектелген министр акталып, жаңы кызматка дайындалды

0
207

Алымкадыр Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекстин директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койду.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматында турганда коррупцияга шектелип кармалган. Ага карата жети кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 16-августунда Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылып, бошотулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here