Муфтий Замир кары Ракиев өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлерине Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон мекендештерибиздин арбайына багыштап хатм Куран окуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Окуяга байланыштуу Азирети Муфтийдин кайрылуусунда, каза болгон Кыргызстандык мекендештерибиздин туугандарына жана жакындарына Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жалпы мусулмандардын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат,деп айтылат.
Ошондой эле, Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин.
Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билемин.
Алла Таалам маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин деп айтылат Азирети Муфтийдин кайрылуусунда.