Президент Садыр Жапаров Тышкы Иштер Министрлигине, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусиянын Ульянов облусунда болуп өткөн жол-транспорт кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбуктагы баракчасына жазды.
Жол кырсыгы Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда катталганы маалымдалды.
Авто кырсыктан 16 киши мерт кеткени айтылды. Анын 14ү Кыргызстандын жараны. Дагы 3 киши ооруканага жеткирилген. Орус басылмаларынын маалыматына таянсак, автобусту сүзгөн фуранын айдоочусу да көз жумду.
Москвадагы атайын кабарчыбыз Нуржамал Таабалдиеванын маалыматына таянсак, жабыркагандардын ичинде Баткен облусунун тургундары да бар, бул боюнча кошумча маалымат беребиз.
КР Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча КРнын Россиядагы элчилиги тийиштүү иш чараларды жүргүзүп жаткандыгын билдирет.
Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.
Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.
Авто кырсык боюнча социалдык тармакта тараган видео, фото материалдарга жана күбөлөрдүн маалыматына таянсак, кыргыз жарандары олтурган, токтоп турган кичи автобусту, чоң жүк ташуучу фура келип сүзгөн.