Баткенде 50 аз камсыз болгон үй бүлөгө 100миң сомдон ссуда берилет

0
1000

Өлкө боюнча ишке ашып жаткан “Социалдык келишим” долбооруна Баткен шаары жана Баткен районунан жалпы 50 үй бүлө катыша алат.
Баткен шаарынын мэриясында “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын фейсбуктагы баракчасында маалымдалды.

Жыйында комиссиялык топ «Социалдык келишим» долбооруна катышууну каалаган үй-бүлөлөрдүн бизнес-пландарын карап чыгышты.

Жыйынга шаардын вице-мэри Мансурбек Маматисаев, Баткен райондор аралык Эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгын башчысы Сүйүнбай Сатыбалдиев, социалдык органдардын жана ведомстволордун жетекчилери, өкүлдөрү жана бизнес-планын алып келген жарандар катышты.

Долбоордун алкагында Баткен шаарынын жана Баткен районунун 16 жашка чейинки жашы жете элек балдары үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 50 аялуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ал үчүн ссуда катарында ар бир үй-бүлөгө 100 миң сом социалдык жардам берүү каралган. Бүгүнкү күндө жалпы 48 үй-бүлө бизнес пландарын тапшырышкан.
Долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөр категориясынан чыгышы керек.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here