Бишкек шаарында ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан ирандын жараны кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кеңири маалымат беришти.
Маалыматка ылайык, министрликтин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Иранда өндүрүлгөн ири өлчөмдө баңгизат каражаттардын туруктуу транзит каналын тапканга жана бөгөт коюуга багытталган атайын операциясын ийгиликтүү өткөрүштү.
Баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Ирандан Афганистанга, андан ары Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилип турган.
Ушул жылы 8-августта атайын-тергөө иш-чараларды өткөрүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаты алынган.
— алынган баңгизатынын жалпы салмагы 10 кг түзгөн;
— алынган каражаттын “черный рыноктогу” 1 граммдын баасы 4500 сомду түзөт;
— алынган жалпы баңгизат каражаттын суммасы 45 млн сомду, ал эми КР Улуттук банкынын курсу боюнча 500 миң доллардан ашуун;
Бул факт боюнча Ирандын Урмия шаарынын тургуну кармалган.
Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп жатат деп айтылат маалыматта.