50 кыргызстандык жаштар Орусиянын Башкортостан мамлекетинде акысыз билим алат

0
305

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Башкортостан республикасына окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкө аймагынан 50 студент М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетине окууга өткөн деп айтылат маалыматта. Алар педагогика жана психология жаатында билим алышат.

Аталган окуу жай студенттерге акысыз билим берип, ай сайын стипендия төлөп берет.

Уланбек Мамбетакунов билимдүү жаштар мамлекеттин келечеги экенин, сабаттуу коом гана өлкөнү күчтүү кыла аларын белгилеп, студенттердин алдыдагы окууларына ийгилик каалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here