АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта болуп өттү.
КР Улуттук госпиталы бейтаптардын жогорку дем алуу жолдорундага диагностикалык жана дарылоо манипуляцияларын аткарууга мүмкүнчүлүк бере турган жогорку технологиялык мобилдик видеобронхоскопго ээ болду.
Чүй областтык ооруканасы чектелген шарттарда диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган мобилдик рентген-аппарат алды, ал эми Ош шаардык ооруканасына шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын тазалоо үчүн атайы дезинфекциялоочу камералар берилди.
Жабдуулардын жалпы наркы 15 млн сомду (190 миң АКШ доллары) түзөт.
Коронавирус чыккан учурдан тарта USAID Кыргыз Республикасына пандемия менен күрөшкө жардам берүү үчүн 10 млн.дон ашуун АКШ долларын берди. Бул кычкылтек концентраторлору жана тестирлөө үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу медициналык жабдууларга кеткен 1,4 млн АКШ долларын камтыйт деп белгиленет маалыматта.