Президенттин атынан айымдарга жоолук тапшырылды

0
682

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан айымдарга жоолуктар тапшырылды. Жоолуктарды Муфтий Замир Ракиев 15-августта Бишкектеги мечиттердин биринде тапшырып, исламдагы аялзатынын ордун түшүндүрдү деп айтылат, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматында.

Иш чарага Муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борборунун лидерлери жана окуучулары да катышкан.
Муфтий өз сөзүндө «динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү.

Пайгамбарыбыз өзү да аялзатын терең урматтаган жана аялзатын аздектөөгө чакырган” деп белгиледи.

Ошондой эле саамалыкка КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны түшүндүрүп берди деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here