Баткендин Лейлек, Баткен райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улаам Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Ага ылайык, аталган жолдорго аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды. Ошондой эле, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдарында жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду.