Финансы министрлиги 6 айда Баткен облусуна мамлекеттик казынадан 240,3 миллион сом которгон. Мындан сырткары ушул жылдын 5-февралында №34-р тескемесине ылайык, 1 млн сом каржыланган.
240,3 миллион сомдун 169,3 млн сому теңдөөчү трансферт катары, 26 млн сому айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө, 35,9 млн сом электр энергияга болгон 50% компенсация үчүн бөлүнгөн.
Мындан сырткары Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен — 9 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп берилген.