Облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү 6 айдын жыйынтыгын чыгарды. Анда жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 23240 укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган.
Алардын ичинен :
Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 473
Мас абалында авто унаа башкаруу -489
Ылдамдыкты ашыруу -3197
Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, айдоо -55
Коопсуз курун тагынбай авто унаа башкаруу -5146
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн -2063 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.