Баткендик сүрөтчү дүйнөлүк көргөзмөдө байгелүү орунга татыды

0
3990

Орусиянын Москва шаарында Евразия мамлекеттеринин cүрөт чеберлери арасында көргөзмө болуп өттү. Ага мекендешибиз, сүрөт чебери, Асаттила Тешебаев да катышып, 3-орунга ээ болду.
Сүрөт көргөзмөгө 900 дөн ашык сүрөтчүлөр катышты.

Асатилла Тешебаев дээрлик 40 жылдан бери сүрөт искусствосу менен алектенет. Сүрөтчү 1997- жылдан тартып, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келет. Австрия,Чехия, Испания, Америка Кошмо Штаттарында өткөн сүрөт искусство боюнча көргөзмөлөрүнө катышып, сыйлыктарга ээ болгон.
2021-жылы Москвада өткөн бүткүл дүйнөлүк сүрөт көргөзмөдө “Деление Мира” деген сүрөтү жогору бааланып, баш байгени жеңген.

Асаттила Тешебаев Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган. Каарманыбыз өзү туулуп өскөн аймактын кооз жаратылышын жана философиялык маанини камтыган сүрөттөрдү көп тартат. Ал Фрунзедеги “Чуйков” атындагы көркөм сүрөт окуу жайынан билим алган. Андан соң Москвдагы Бүткүл Союздук Мамлекеттердин киномотография Институтунун “Көркөм сүрөт” факультетин аяктаган.

Тешебаев бүгүнкү күнү Кыргыз Диаспорасында ардакттуу акасакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенет. Ал Россия- Австрия- Кыргыз сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү.
Учурда Орусияда жашап, Кыргыз жеринин кооздугун,элинин тарыхын, маданиятын, дүйнөлүк көргөзмөлөрдө даңазалап келет.

Нуржамал Таабалдиева.Москва.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here