«Өтүкчү» өткөрүү пункту  убактылуу жабык болот

0
134

Баткен районунун Апкан айылынан Өзбекстандын Сох анклавына өтүүчү “Өтүкчү” өткөрүү пункту  бүгүн, 9-июль күнү саат 16:00дон түнкү саат 23:00гө чейин убактылуу жабылды.  Бул тууралуу облустук бийлик билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Сох анклавына өтүүчү Тул көпүрөсүндө ушул жылдын апрель айынан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, оңдоп түзөө аягына чыгарылгандыктан, Апкан айылында жайгашкан “Өтүкчү” жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрүү пунктун мурдагы ордуна  жайгаштыруу иштери жүргүзүлөт. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here