Кафенин кызматкери зордуктоого шектелип кармалды

0
1098

Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелип кафенин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милицияга арыз менен 1964-жылы туулган жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган кызынын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун айтып, чара көрүүнү суранган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here