Өлкөдө жакыр үй-бүлөлөр үчүн “Социалдык контаркт” долбоору ишке ашат

0
1121

«Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашырат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн 282 миллион сомдон Бишкекке 35 миллион сом бөлүндү, бул каражат жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга көмөктөшө турган 350 бизнес долбоорду ишке киргизүүгө жумшалат.

Учурда Бишкек шаарында тандоодон өтө турган талапкерлерге мониторинг жүргүзүү,долбоорго катышуу боюнча жөлөк пул алуучулар үчүн консультацияларды өткөрүү иштери жүрүп жаткандыгы, эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуусунда айтылды деп белгиленет, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here