Баткен шаардык мэриясы фейсбукта талкуу жараткан маселелер боюнча түшүндүрмө берди

0
835

“Баткен шаардык мэриясы, шаардын аймагындагы инфратүзүмдү жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштериндеги ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт. Ошондой эле шаардын жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алат деген ишеничин билдирет” деп айтылат маалыматта.

Мурат Салихов көчөсүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан көрүстөн менен чоң жолдун ортосундагы жер тилкеси 1996-жылы Баткен шаарынын тургундарына үлүш катары берилген. Баткен шаардык мэриясы ар бир үлүш ээлери менен макулдашып, долбоорду аткарууга тоскоолдук жараткан 670 чарчы метр үлүш жер үчүн шаардын башка аймагынан жер берип, аталган жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча макулдашуу иштерин жүргүзгөн.

Бирок мамлекеттик каттоо кызматынын тактамасы боюнча тоскоолдук жараткан бир жарандын ошол жердеги үлүш укугу катталбагандыгы аныкталган. Учурда көйгөйлүү маселени Баткен райондук соту аркылуу чечүү иштери жүрүүдө.

Эске сала кетсек, М.Салихов көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы жолду бойлой курулуп жаткан тротуарга жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралган. Долбоордун жалпы суммасы 2 млн. 206 миң сомду түзөт. Жөө адамдар жүрүүчү жолдун 891 чарчы метр аралыгына брусчатка басылат. Ал эми 495 метр аралыгына суу кетүүчү ноолор коюлат. Мындан тышкары 990 метр аралыктагы жол четине бордюр орнотулат.

Ошондой эле, учурда социалдык тармакта талкуу жараткан Салихов жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналга өтмө көпүрөө курулат.

Белгилей кетсек, долбоордун аткаруу мөөнөтү 2022-жылдын 1-сентябрына чейин белгиленген. Учурда курулуш иштери толук бүткөрүлө элек экендигин маалымдайбыз деп жазылат, мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, кечээ 8-августта социалдык тармакта шаардагы курулуш иштеринин жүрүшүндөгү ыңгайсыздыктар, кооптуу жагдайлар талкуу жараткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here