Чек арачынын куралынан ок тийген бала ооруканада

0
1089

7-августта Баткен районунун чек арада жайгашкан Миң-Өрүк айылында чек ара кезмети кызмат өтөп жаткан учурда, катардагы жоокер КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарып, анын кесепетинен 2014-жылы туулган балага ок тийген. Октон жараат алган 8 жаштагы бала учурда облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.2022-жылдын 8-август күнү саат 13:00гө карата баланын абалы канааттандырарлык деп айтылат мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары иликтөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here