Орусияда эки кыргыз жараны канализацияда оңдоо иштерин жүргүзүп жатып каза болду

0
505

Орусиянын маалымат каражаттары Прокуратура жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме менен канализацияда оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда жоголгон үч жумушчунун сөөгү табылганын жазышты.

Окуя Москва шаарында, жаан учурунда болгон. Жаандан улам келген суу, жалпы 13 жумушчуну агызган. Куткаруучулардын жардамы менен алардын бешөө куткарылган. Дагы бешөө өз алдынча чыгышкан. Ал эми үчөө дайынсыз болгон.

Каза болгон жарандардын экөө Кыргызстандан,бирөө Тажикстандан экенин Москва прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кийинчерээк Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалымат берди. Ошондой эле,

«Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Россиянын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын эчилигинин юристи барды, элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат”, — деп  билдирди.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here