Турак үй,унаа,чөп,көмүр күйгөн:Эки күндө өлкөдө 21өрт катталды

0
362

Дем алыш күндөрү өлкөдө 21 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.

Алсак, Бишкектеги Лущихина көчөсүндө «Ниссан сефиро» үлгүсүндөгү жеңил авто унаанын салону күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Сокулук районунун Сокулук айылында турак үйдө жалпы 5 тонна көмүр күйгөн.

Ошондой эле Ысык-көл районунун Кароол-Дөбө айылында короодо жыйылган 600 даана пресс түк күйгөн.

Ал эми Бишкек шаарында эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кетти.

Белгилей кетсек,адистер жайдын аптаптуу күндөрүндө өрт коопсуздугун сактоону эскертип келишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here