Бишкекте Хабиб Нурмагомедов катышкан турнир өтөт

0
289
FILE - In this Oct. 5, 2018, file photo, Khabib Nurmagomedov poses during a ceremonial weigh-in for the UFC 229 mixed martial arts fight in Las Vegas. Nevada fight regulators postponed until next month hearings on suspensions against UFC fighters Conor McGregor and Khabib Nurmagomedov for a brawl after their October match in Las Vegas. (AP Photo/John Locher, File)

Бүгүн, 8-августта UFC`нин чемпиону, мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу EFC 49 турниринин уюштуруучуларына таянып Кабар агенттиги жазды.

Нурмагомедов Кыргызстанга Eagle футбол клубунун президенти Шамиль Завуров, ошондой эле “Хасбик” каймана аты менен таанымал россиялык белгилүү блогер Хасбулла Магомедов менен бирге келди.

Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарында 10-августта өтө турган Eagle Fighting Championship лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 18:00дө башталат.

Спорттук иш-чара 14 беттешти камтыйт, алардын эң башкысы Кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен Орусиялык Руслан Магомедовдун беттеши болуп саналат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here