Тышкы иштер министрлиги Тайвань маселеси боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди

0
462

Тайвань маселеси боюнча Кыргызстандын так позициясы тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги Тышкы иштер министрлигине шилтеме менен билдирүү жарыялады.

Анда, «КРнын Тышкы иштер министрлиги Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык менен көз салууда, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүттөнөт. Кыргыз Республикасы кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй «Тайвань маселеси» боюнча өзүнүн позициясынын өзгөрбөстүгүн жана «бирдиктүү Кытай» саясатын колдоосун тастыктайт», — деп айтылат, министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилүү болгондой, буга чейин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси, Тайванга иш сапар менен барган. Анын бул сапары дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here