Беткап тагынуу эрежесин сактоо сунушталды

0
387

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү азыркы тапта инфекцияны жугузуу учурларынын санынын кыскаруусу байкалууда деп билдирди. Ошондой болсо да адамдар көп топтолгон жерлерде беткап тагынуу эрежесин сактоону сунушташты. Бул тууралуу Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, калкты коронавируска каршы эмдөө кампаниясын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал «коронавируска каршы бирден бир коргонуу жолу бул эмдөө, өзгөчө өнөкөт оорулары бар жана улгайган адамдар үчүн. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, жакынкы айларда өлкөлөрдө SARS-CoV-2 учурларынын, ооруканага жаткыруулардын жана өлүмдөрдүн өсүшү байкалышы мүмкүн”, деди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Кыргызстанда коронавирустун жаңы 1 миң 91 учуру катталган.

Дарыгерлер учурдагы эпид кырдаал 2020-2021-жылдарга салыштырмалуу кооптонууну жаратпайт деп билдирет, бирок санитардык эрежелерди сактоону эскертишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here