Өлкө башчысы чекисттерди экстримисттик уюмдардын активдешүүсүнө байланыштуу кынтыксыз иштөө зарылдыгын эскертти

0
255

3-августта, улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду. Иш чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент чекисттердин алдында сөз сүйлөп, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, улуттук коопсуздук органынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, кызматкерлердин айлык акыларын жогорулатууга жана турак жай менен камсыз кылууга, зарыл болгон бардык иш-аракеттер аткарылып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Сирия, Афганистан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдешүүсү, алардын жашыруун топторунун Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагында тамыр жайышы, өлкө мыйзамдарына каршы келген идеологиялык саясатынын күч алышы, биздин атайын кызматтардан, кынтыксыз иштөөнү талап кылаарын кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here