Эки жума мурда көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
31-июлда кызды издөө иштерине жалпы 39 куткаруучу тартылып, издөө саат 21:30да токтотулду. Натыйжа болгон жок.
Бүгүн, 1-август күнү издөө улантылат.
Белгилей кетсек, 18-июлда саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган кыз көлгө чөгүп кеткен.