Кыргызстанда 25-31-июль аралыгында COVID-19дун 1 миң 91 учуру аныкталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Алардын ичинен 911 адам амбулатордук дарыланууда, 180и ооруканада жатат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 203 миң 776 учуру катталган.
Ал эми Баткен облустук санэпид көзөмөл борборунун маалыматына таянсак, акыркы жумада Баткен облусу боюнча 8 учур катталды. Анын бирөө Кызыл-Кыядан, жетөө Кадамжай районунан.
Коронавирус илдети, негизинен чет өлкөгө барып келген жарандардан аныкталып жатат. Дарыгерлер ооруунун алдын алуунун негизги жолу эмдөө экенин эскертишет.