Европада маймыл чечеги оорусунан алгачкы өлүм катталды

0
397

Испанияда маймыл чечеги илдетине чалдыккан бейтап каза болду. Бул тууралуу Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 29-июлда билдирди.

Бул учур Европадагы алгачкы жана Африкадан тышкары, экинчи учур болуп саналат.

Азыркы убакта Испания маймыл чечегинин ырасталган учурларынын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи өлкө болуп турат.

Маймыл чечеги вирусунун белгилери:

— дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуң эттердин оорусу, далынын оорушу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, чыйрыгуу жана чарчоо;

— денеге беттен баштап дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныс органдарына жайылган майда жарааттар чыгышы мүмкүн;

— майда жарааттар өзгөрүп, карттанып түшөрдүн алдында алды менен ар башка стадияларга өтөт жана суу чечек же сифилистеги жарааттар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here