Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам маалыматтарынын негизинде Сүлүктү шаарынын тургунунун мыйзамсыз жардыруучу заттарды сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынып, ал Баткен ОИИБдин Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон деп айтылат облустук милитсиянын маалыматында.
2022-жылдын 27-июль күнү жогорудагы кылмыш иши боюнча Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Сүлүктү шаарындагы “Тазалык” ишканасынын аймагына тергөө кызматы менен биргеликте тинтүү иштерин жүргүзгөндө, Сүлүктү шаарынын тургуну мурда сот жообуна тартылган 61 жаштагы С.К. жогорудагы ишкананын кийим алмаштыруучу жайына жардыруучу заттарды койгон жеринен кармалды.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жалпысынан 30 даана 6кг 310гр. салмактагы “тратил” жарылуучу заттары, 53 даана салмагы 990гр.болгон капсулалары (детонаторлор) кытай өндүрүшүндөгү капка салып, жашырып койгон жеринен аныкталып алынды.
Азыркы учурда аныкталып алынган жардыруучу заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын жагдайлары иликтенип, тергөө иштери жүрүүдө.