Кадамжайда 58адам ууланган кафе жабылды

0
416

Кадамжайда катталган массалык уулануу боюнча лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Той өткөн кафе жабылды. Бейтаптардан анализдер алынган. Жарандар эмнеден уулангандыгы так аныктала элек.

Бул тууралуу Кадамжай райондук сан эпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Ысмайыл Карабаев Салам медиага билдирди.

Белгилей кетсек, 31-июлда катталган улануудан 58 адам жабыркап, анын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Той 250 адамдын катышуусунда өткөн.

Ууланган жарандар 31-июлда саат 18:30дан баштап, Кадамжай районундагы ооруканага кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү белгилери менен кайрылышкан.

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here