Дүйнөдө маймыл чечеги оорусу тарап жатат

0
1206

Маймыл чечеги вирусунун белгилери тууралуу Республикалык штаб маалымат таратты.

Ага ылайык:

— дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуң эттердин оорусу, далынын оорушу, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, чыйрыгуу жана чарчоо;

— денеге беттен баштап дененин башка бөлүктөрүнө, анын ичинде жыныс органдарына жайылган майда жарааттар чыгышы мүмкүн;

— майда жарааттар өзгөрүп, карттанып түшөрдүн алдында алды менен ар башка стадияларга өтөт жана суу чечек же сифилистеги жарааттар сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.

“Бул белгилер байкалган учурда үй-бүлөлүк дарыгерге же бейтапканага кайрылуу зарыл, өз алдынча дарыланууга болбойт”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин республикалык штаб, дүйнөдө маймыл чечек оорусу тарап жатат деп маалымдаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here