Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок ишине лицензия берүү үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө» министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат.
Токтом долбоорунун негиздемесине ылайык, оюн-зоок ишин жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом түрүндөгү юридикалык жактар гана жүргүзүүгө укуктуу.
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруучу булактардын бири болорун эске алуу менен оюн-зоок ишинин түрлөрүнө төмөнкүдөй тарифтерди белгилөө сунушталат:
– республикалык маанидеги шаарларындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук казинолор үчүн сегиз жүз кырк миң эсептик көрсөткүчкө, тагыраагы 84 млн сомго барабар, ошондой эле Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук казинолор үчүн төрт жүз жыйырма миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, тагыраагы 42 млн сом,ал эми Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына эки жүз элүү эки миң эсептик көрсөткүчтүн тагыраагы 25 млн сом өлчөмүндө;
– оюн-зоок автоматтар залдары үчүн төрт жүз жыйырма миң эсептик көрсөткүчкө, 42 млн сомго барабар;
– букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн жүз беш миң эсептик көрсөткүчкө 10,5 млн сомго барабар.