Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланды

0
980

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланды.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сынакка жогорку педагогикалык билими жана жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы бар Кыргызстандын жарандары катыша алат.

Сынакка катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап, 10 иш күнү аралыгында документтерди тапшыруусу керек.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койгон. Анын максаты өлкөдөгү мектеп жетекчилеринин жогорку кесипкөй курамын түзүү болуп саналат.
Ошондой эле, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мектеп жетекчилери сынактык негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандалаарын билдирген.

Министр, “өлкө аймагында 2 миң 233 мектеп болсо, 966 мектепте директорлор беш жылдык мөөнөттөн ашык иштеп жаткан.Мектептер боюнча анализ жүргүздүк, айрым мектеп директорлору өздөрүнүн ордуларында 38-41 жылдан бери эмгектенип келе жатышат. Сынактын максаты – баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү, мектептеги ишмердүүлүктү жандантуу, мугалимдердин кадрдык деңгээлин көтөрүү жана реформаларга даярдануу” деп белгилеген.

Өлкөдө жалпы 2 миң 233 мамлекеттик мектеп бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here