“Тяньши” компаниясынын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды

0
623

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы “Тяньши” компаниясынын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди.

Милицияга Ош шаарынын тургуну Тяньши фирмасынан жабыркагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал өз арызында аталган фирмада иштеген жаран анын ишенимине кирип, “сиз фирмага 210 миӊ төлөп, “ 6 жылдыз” даражасын алсаӊыз, айына 23 миң сом айлык маяна берилет, андан сырткары 210 миӊ сом дагы сиздики болот” деп алдап, жабырлануучудан 210 миң сом алып, бүгүнкү күнгѳ чейин айлык маяна чыгарып бербей же алган акчасын кайтарып бербей жүргѳндүгүн билдирген.

Милиция тарабынан бул факты боюнча шектүү катары Чүй облусунун 1997-жылы туулган тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция жарандардан жогоруда аталган фирмадан жабыркагандар болсо арыз менен кайрылууну суранат.

Азыркы учурда бул факт боюнча ар тараптуу кошумча тергѳѳ амалдары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here