Өрүктүн баасынын төмөндүгү боюнча айыл чарба министрлиги маалымат берди

0
681

Өрүктүн баасынын төмөндөшүнүн маанилүү фактору болуп кумшекердин кымбатташы жана Казакстан менен Өзбекстандагы канттын жетишсиздиги таасир этүүдө деп билдирди, Айыл чарба министрлигинен.

Тагыраагы өрүк негизинен консервация даярдоо жана өндүрүү үчүн колдонулгандыктан, анын сатылбай калгандыгына жана төмөн баалангандыгына, кумшекердин баасынын жогорулашы себеп болгон.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунда өрүктөр тегиз бышып,кургатууга болбогон өрүк түрлөрүн алуучунун жоктугунан ысырап болуп, мал жеп жаткандыгы боюнча маалыматтар интернетте кеңири тараган.

Министрлик Кыргызстанда кумшекердин баасы коңшу өлкөлөргө караганда төмөн жана Айыл чарба министрлиги канттын физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздайт деп билдирет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here