Баткен облусунун Саламаттык сактоо тармагындагы маселелерди караган координациялык кеңешме болуп өттү.
Энелердин жана балдардын өлүмү, төрөт бөлүмдөрүндөгү коррупциялык аракеттер кеңешменин негизги маселеси болду. Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, аталган тармактын бир катар кемчиликтерине токтолуп, облустук медициналык мекемелердин, жетекчилерине саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу менен айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы орчундуу кемчиликтерге жол койгон жетекчилерге чара көрүлөөрүн эскертти.