Мамкурулуштун директору Нуртазин Джетыбаев 20-июлунда иш сапары менен Баткен облусуна келди.
Лейлек районунун Айкөл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектебинен Мектеп дээрлик 70 жыл мурда курулуп, эскилиги жеткен. Тийиштүү мекеме, иш каналарынын жетекчилерине тез аранын ичинде керектүү иш кагаздарын даярдап, мектептин жаңыдан куруу иштерин планга киргизүү тапшырмасын берди.
2022-жылдын апрель айында электр чубалгыларынын кесепетинен күйүп кеткен Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө атындагы орто мектебинен да кабар алды.
Сүлүктү шаардык Жеткинчек балдар бакчасында болуп, бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушун баштоону тапшырды.
Ошондой эле Кулунду айыл аймагындагы Булак-Башы орто мектебинин жаңы имаратын куруу иштерин тез арада баштоо тапшырмасын берди деп айтылат аталган мекеменин маалыматында.