Баткен районунун Айгүл-Таш-Согмент-Таян автоунаа жолунда оңдоп түзөө жумуштары жүрүүдө. Ошондой эле Согмент айылындагы автоунаа жолунда асфальт төшөө жумуштары жасалууда.
Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Айгүл-Таш-Согмент-Таян автоунаа жолунун жалпы узундугу 24 км, учурда анын 3 километрине асфальт төшөлүп бүттү.
Асфальт төшөө жумуштары республикалык бюджеттин эсебинен жасалууда.
Алдыда дагы Сох-Кан-Зардалы, Баткен-Ак-Турпак автоунаа жолдору оңдолуп, асфальт төшөлөт деп айтылат маалыматта.