Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-июлдан 25-июлга чейин кургак жана ченемден тышкары ысык болоорун эскертет.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41 градус, Талас өрөөнүндө 34…39 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37…42 градуска чейин жетет.
Ал эми тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32º, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19 градус жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Күндүн мындай ысыган учурунда,адистер организмге ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат , ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.