Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынынын алкагында, Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле региондун жана эл аралык алкактын күн тартибинде турган маселелер талкууланды.
Атап айтканда, Эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жана Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү боюнча макулдашуу жетишилди.
Ошону менен бирге өлкө лидерлери чек ара аймактарындагы трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптар суу ресурстарын колдонуу боюнча эки тараптуу маселелерди кароо жаатында ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантуу чечимине келишти.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.