Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Шумкар” бала бакчасынын кызматкери унаасы менен коюп кеткен 6 жаш баланын бирөөсү Бишкекке которулду.
2 жашар наристе табарсыгынан жана баш мээсинен оор жаракат алган. Анын абалы «оор» деп баалангандыктан Бишкек шаардык балдар ооруканасына которулган. Учурда анын абалы туруктуу экени айтылды. Ал эми райондук ооруканада дарыланып жаткан дагы 5 баланын абалы «орто» деп бааланууда.
Белгилей кетсек, 15-июлда Лейлектеги «Шумкар» бала бакчасынын кызматкери унаасын бакчанын короосундагы көлөкө жерге коём деп ал жерде ойноп жаткан 6 жаш баланы коюп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 6 бала жаракат алып, Кулунду айылдык ооруканасына жеткирилген. Алардын биринин абалы «оор» деп бааланган.
Аталган факт боюнча Лейлек милициясында «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Алгачкы тергөө иштеринде унаасы менен балдарды коюп кеткен кызматкердин айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып короого киргизилген.