Мамлекеттик бажы кызматынан, аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан коон кармалганы маалымдалды.
Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан Кыргызстандын аймагына кирүүдө кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаа кармалган.
Унааны текшерүүдө салмагы 1200 кг, наркы 30 миң сомду түзгөн коон табылган.Кармалган жаран жүктү Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып кирүүгө аракет кылган.
Мыйзам бузган жаранга 60 миң сом айып салынган. Товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.