Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев банк өкүлдөрү менен жолукту
Жолугушууда Баткен облусуна берилген жеңилдетилген насыя боюнча сөз болду.
Белгилей кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү максатында «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоорунун алкагында берилип жаткан жеңилдетилген насыя “ Айыл банк”, “РСК банк”, “Керемет банк” аркылуу берилип жатат.
Насыя 3 жылга чейин пайызсыз, ал эми 5 жылга чейин 3 % ды түзөт.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 22-июль күнү саат 19:00дө Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрдын чоң залында облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин жана тиешелүү банк өкүлдөрүнүн, ишкерлердин катышуусунда Баткен облусуна берилип жаткан жеңилдетилген насыя тууралуу жана аны МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНУУ боюнча суроо жооп иретинде талкуу болот деп, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.