10 адам кайрылган: Милиция каржылык алдануулардан оолак болууга чакырат

0
411

Баткен облустук милициясы каржылык алдануулардан оолак болууга чакырат.

Милициянын кайрылуусунда, “азыркы кезде турак жай, кыймылсыз мүлк алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн кооперативтер менен келишим түзөөрдө ойлонуп кадам таштоону суранат. Анткени кооперативтер тарабынан берилген убадалар акыр-аягына чыкпай, миңдеген жарандар жабыркады.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бүгүнкү күндө “S-line”, «Ихсан групп ЛТД» жана “Биринчи турак жай” сыяктуу турак жай кооперативдерине көп сандаган жарандар алданган. Арасында Баткен облусунун тургундары да жок эмес. Азыркы күндө жогорудагы алданууларга Баткен облусу боюнча 10го жакын жарандар арыз менен облустун аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылууда.

Бирок мындай кооперативдер улам жаңы ат менен пайда болуп, калың элге рекламаларын кеңири жайылтууда. Ошондуктан ар бир жаранды так болууга, каржылык сабатын жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырабыз”деп айтылат кайрылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here