Лейлекте мал сарайда жашынып, иштеп жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды

0
784

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 18-июлунда экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде, Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде 37жаштагы чет өлкөнүн жараны аныкталып кармалды.

Ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, 2022-жылдын 2-июнунан бери Лейлек районунун 64жаштагы тургунунун мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөндүгү аныкталды.

Бул факт мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү беренесинин негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64жаштагы жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here