Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка карата жазалар күчөтүлгөнүнүн билдирди

0
336

Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 12 айындагы ички талдоосуна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 151 факты катталган.

2021-жылдын 1-декабрынан баштап жаңы Кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө кирген.

Анда укук бузуучуларга карата мажбурлоо жана таасир этүү чаралары күчөтүлгөн, анын ичинде 40 саатка коомдук жумуштарга тартуу жана үч күндөн жети күнгө чейин камакка алуу каралган.

2022-жылдын 5 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 3 миң 988 фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га аз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here